Шаршемби, 01.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
1
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды
Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин бузган учурда алардын Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн милдеттүү текшерүү механизмин киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кароо учурунда берилгенин «Акипресс» жазды.

Депутат социалдык тармактарда анын катышуусу менен тартылган видео тараганын эске салып, ал анын аброюна зыян келтирип жатканын айтты. «Конституцияда ар бир адам жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого укуктуу экени жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты кол тийбестикке ээ. Азыр мен катышкан видео хайп болуп жатат. Менин аты-жөнүмдү каралоо жүрүп жатат. Эреже бузуу кечки саат 7де катталган, ал эми Патрулдук милиция мени түнкү саат 11де тапкан. Бул канчалык мыйзамдуу?» — деди ал.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Козукеев депутаттын арызы каралып жатканын айтты. «Сиздин арызыңыз каралууда. Жооп сизге жөнөтүлөт», — деди ал.

Кокулов болсо сөз арыз тууралуу эмес экенин тактады: «Арыз — башка маселе. Сиздер мыйзам өкүлдөрүсүздөр. Мен башка нерсени сурап жатам. Суроомо жооп бериңиз», — деди ал.

Козукеев бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди. «Кызматкер жарандардын кайрылуусунун негизинде ошол жерге барган. Текшерүү аяктагандан кийин жооп берилет», — деди ал.

Депутат ошондой эле социалдык тармактардагы «БишкекПолис» баракчасы расмийби деп сурады.
Козукеев анын расмий эмес экенин айтты. Мындан кийин Кокулов видеонун жарыяланышына нааразычылыгын билдирди: «Анда эмне үчүн алар мени мазактап, жеке жашоого болгон укугумду бузуп интернетке видео чыгарышты? Эмне үчүн аларда төшкө тагылуучу видеокамера болгон эмес? Эмне үчүн кызматкер форма кийбей келген? Эмне үчүн ГАИнин басма сөз кызматынын өкүлү протокол түзгөн? Эмне үчүн мыйзамдарды бузуп туруп хайп жасап жатасыздар? Өзүңөр мыйзам бузуу болгонун билсеңер да», — деди депутат. Анын айтымында, жарыяланган видео кесилген жана ал чатак чыгаргандай көрүнүш жаратып жатат. «Силер видеону кесип, мен ал жерде ызы-чуу чыгаргандай кылып көрсөтүпсүңөр. Чынында мен бир гана суроого жооп күтүп турганмын. Протоколду эртеси күнү да түзсө болмок. Мен жеке жашоого болгон укугумду бузбоону сурангам», — деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлер автоунаа кимге таандык экенин билишпегенин айтты. «Эч ким бул машина сиздики экенин билген эмес. Жарандардан арыз түшкөн, кызматкерлер барып текшеришкен. Сиздин кайрылууңуз боюнча иликтөө жүрүп жатат», — деди ал.

Кокулов мындай аракеттер укук коргоо органдарына болгон ишенимди төмөндөтөрүн билдирди. «Мындан кийин кантип ишенебиз? Бүт өлкөгө мени уят кылдыңар. Видео ИИМдин расмий эмес баракчасында жарыяланган — бул дагы мыйзам бузуу. Алар видеону жарыялоого укуктуу эмес. Мени телефонго тартып алышкан, төшкө тагылуучу камера болгон эмес. Эми түн ичинде адамдарды үйүнөн чыгарып кетүү практикасы пайда болобу? Бул болгону 300 сом айып пул салынуучу административдик укук бузуу эле. Бир нерсе кылуудан мурда мыйзамдуулугун ойлош керек», — деди ал.

Депутат айткан окуя 26-февралдын кечинде болгон. Социалдык тармактарда туура эмес токтотулган унаалар тууралуу видео тараган. Анда Lixiang L7 PRO үлгүсүндөгү, 01KG065AB мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусу ошол жерден кетип бара жаткан учур да көрсөтүлгөн.

Кийинки күнү Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Тойгонбаев көчөсү, 13 дарегиндеги үйлөрдүн тургундарынан туура эмес токтотулган унаалар боюнча 102 кызматына арыз түшкөн. Натыйжада патрулдук милиция Эрулан Кокуловго карата жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн протокол түзгөн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 31.03.2026
0

Соцтармак колдонуучусу Амантур Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын жаңы жарандык паспортуна байланыштуу айрым чет өлкөлөрдө көйгөй жаралып жатканын айтып чыккан. "Жаңы паспорттун...

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилейт. «Бишкек...

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:28 31.03.2026
0

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен "Сүрөтчүлөр үйү"...

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:02 31.03.2026
0

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт. Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку...

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:58 31.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км)...

Комментарийлер 1

  1. Элвин says:
    3 недели ago

    Мен жеке ойум Эруландын дооматтары туура, мыйзам тышы жарандарыбызды тунку саат 11 уйлорунон сууруп чыгып ,видеого тартып мазактоого эчкимдин акы укугу жок! Бул заказной подстава,провокация! элдин укуктарын колдогон Элдик жигитти — элибизге абройун тушуруп жаман корсоткондору учун — жарандарыбызды коргобойле булар тескери озулорун алдына ала сасык амалдарын кылып жатышат.

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

08:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

13:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү