Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Эрулан Кокулов жугуштуу ооруларды алдын алуу жөнүндө айтты.
«Пандемия маалында эң аз жоготуу Корея менен Японияда болгон. Эмне себептен? Алар бири-бири менен бетинен өөп, колу менен саламдашып учурашышпайт. Ошондон улам инфекция тараган эмес. А бизде болсо, барган сайын көбөйүп жатат. Көчөдөн өбүшүп учурашасыңар, кучакташасыңар. Токтоткула да. Күз менен жаз мезгилинде 3-балдар ооруканасы менен Жалдагы оорукана бейтаптарга тыгылып калат», — деди ал.










