Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник жазды.
Анда Көкүловдүн үнүнө окшош адам зарылчылык болсо административдик укук бузууларды жасоого укугу бар экенин айтып жатат. Ошондой эле өзүнүн кызматтык автоунаасы Кайгуул милициянын атайын унаасынан “жогору турарын” да айткан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы мыйзам алдында бардык адамдар тең экенин жана жоопко тартыларын билдирди.
Жол кыймылынын эрежелеринин 3.1 пунктуна ылайык, каршы тилкеге чыгууга, маяк жана сиренасы күйгүзүлгөн атайын транспортко (тез жардам, милиция, өрт өчүрүү ж.б.) гана уруксат берилет. Эл өкүлүнүн кызматтык автокөлүгү тууралуу Жол кыймылынын эрежелеринде эч нерсе айтылган эмес.
Буга чейин Кайгуул милициясы депутатты тыюу салынган белгинин алдында унаа токтоткону үчүн 1000 сом (жеңилдик менен — 300 сом) айып пулга жыккан. Көкүлов анда өзүн “кол тийбес” экенин айткан. Кечээ, 4-мартта депутат бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.
Депутат Эрулан Кокулов соцтармактагы баракчасына жогорудагы окуя боюнча өз пикирин жарыялады. «Ушул окуя кандай болду эле бир адам да сурап койгон жок. Мен бир канча күн күттүм. Инспектор мага келгенде ага жарым саат түшүндүргөм. Бул видеону чыгарып жиберет деп ойлогон эмесмин», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










