Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министрди Догдургүл Кендирбаеванын маалыматын угушту.
Депутат Кубанычбек Самаков мектептердин сапаттуу салынышын көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.
«Азыр кесиптешим нааразычылыгын айтты. Жер титирөө көбөйүп жатат. Ошого байланыштуу көрсөткөн дубал түшүп калса, сизге доомат артышат, сизден сурайт»,— деди ал.
«Бала окуган жер эң коопсуз болушу керек. Тилекке каршы, мунун баары Курулуш министрлигине таандык жана билим берүү министрлигинин эч тиешеси жок. Жергиликтүү бийлик кабыл алат. Биз окуу процессин гана көзөмөлдөйбүз«,- деди министр.
Буга чейин депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңеште салынып жаткан бала бакча жана мектептердин сапатына нааразы болгон видео көрсөткөн.











