Кыргызстандын 7 жараны Мьянмада кулчулукка кабылган. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Ажыбаев 14-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
«Маалыматыңар барбы?»— деп сурады.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекова мындай маалымат жок экенин айтты.
«Алар 11-апрелде бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөнүн жазышууда», — деди депутат.
Ажыбаев тергөө жүргүзүү талабы менен президенттин өкүлүнө кайрылды.
11-апрелде Өзбекстандын жана Казакстандын Таиланддагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көмөгү менен Өзбекстандын 2 жараны, Казакстандын 4 жараны жана Кыргызстандын 7 жараны мекенине кайтарылганын өзбек басылмалары жазып чыгышкан.