Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлектин Арка айылында жарылган снаряд боюнча кеп козгоду. Анын айтымында, учурда жабыркаган эне менен кызынын абалы жакшы.
«Атасы менен сүйлөшүп жатабыз. Бул снаряддын кайдан келгенин карап чыгуу керек. Тергөө тобу түзүлүшү керек. Ошол үйгө буга чейин Акылбек Жапаров барып, чай ичип кеткен. Сапёрлор каякты караган? Кылдааттык менен кароо керек»,- деди ал.
5-январда Лейлек районунун Арка айылында снаряд жарылган. Кесепетинен аял жана анын кызы жабыркаган. Жабыркагандар Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилип, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кийин Ошко жеткирилери маалымдалган.