Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова айымдарга парламенттин ролу чоң экенин, ар бир айымдын үнү Жогорку Кеңеште угулуп турушу керектигин айтты.
«Биздин шайлоочулардын 52 пайызы айымдар. Айымдарга парламенттин ролу өтө чоң. Аялдарга зордук-зомбулук болсо, бир гана айымдар көтөрөт. Парламентте айымдар сөзсүз түрдө керек. Анткени ар бир айымдын үнү парламентте чыгышы керек. Ошол үчүн «30 пайызы айымдар болушу керек деген» сөздү президент өзү айтып жатат. Биз 70 пайызы айымдар болсун деген жерибиз жок»,- деген ал депутат катары жумушун так аткарып жатканын, үйүнө барып энелик милдетти алып, ошол эле учурда баарына жетишип жатканын айтты.