Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Абхазия жана Армениянын номуру менен жүргөн унааларга рейд токтобой жатканын айтты.
«Азыр унааларды камап, кармап алгандын эмне пайдасы бар? Буйрук чыкты. 6 айда мыйзамдаштырылат. Аларды кармап эмне кылат? Алар байкуштар насыя алгандар, күнүмдүк жашоосуна акча тапкандар. Мен да учурунда такси айдагам, билем. Күнүмдүк жашоого эле жетет. Силер унаасын алып коюп жатасыңар. Маселе ИИМде эмес, Бажы кызматында экен. Коё берип койбойбу. Убакыт берилди. Биз тапшырма берели, жообун айтып койсоңор»,— деди ал.
Буга чейин Милициянын кайгуул кызматы маалымат берип, чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүү уланып жатканы, анын жыйынтыгында 300дөн ашуун унаа айып короого киргизилгенин билдирген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Абхазия жана Армениянын номуру менен жүргөн 15 миңден ашуун унаа бар экенин айткан. Өлкө башчы Садыр Жапаров Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Легалдаштыруу жол-жобосун 6 айдын ичинде 3 этап менен жөнгө салууну тапшырган.