Жума, 26.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Депутат мандатын тапшырса, мандат кийинки талапкерге өтөт. Мыйзам долбоорду комитет жактырды

14:26 18.03.2025
0
Депутат мандатын тапшырса, мандат кийинки талапкерге өтөт. Мыйзам долбоорду комитет жактырды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алды.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов демилгелеген.

Мыйзам долбоору тууралуу демилгечилердин бири, депутат Улан Примов маалымат берип, ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.

Алсак, Жогорку Кеңештин 90 депутаты көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча мажоритардык тутум аркылуу шайланат. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү.

«Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен учурда, депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда эң көп добуш алган кийинки талапкерге берилет. Жогорку Кеңештин депутаты аял киши болсо, анда депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда эң көп добуш алган кийинки аял талапкерге берилет», — деп билдирди Улан Примов.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова учурдагы шайлоо мыйзамдарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын ченемдер жазылганын белгилеп, бул ченемдер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да каралышы керектигин ортого салды. Ал эми эл өкүлү Замирбек Мамасадыков шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү, шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган үгүтчүлөрдүн саны боюнча суроолорду тактады. Депутат Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндөгү ченемге көңүл бурду.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:57 25.12.2025
0

Эртең, 26-декабрда түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу...

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

Автор Эдита Ильясова
17:16 25.12.2025
0

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды. Исаматова 42 жашта, жогорку билимдүү. Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде...

«Кулчулуктан качкан жаранды унаага салып жатат» деген видео тарады. Милиция маалымат берди

«Кулчулуктан качкан жаранды унаага салып жатат» деген видео тарады. Милиция маалымат берди

Автор Эдита Ильясова
16:30 25.12.2025
0

Буга чейин социалдык тармакта "кулчулуктан качкан чет өлкөлүк жаранды күчкө салып унаага салып кетти" делген видео тараган. Окуя боюнча Ысык-Көл...

«Дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр дешет». Садыр Жапаров бийликти мактабоого чакырды

«Дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр дешет». Садыр Жапаров бийликти мактабоого чакырды

Автор Эдита Ильясова
12:36 25.12.2025
0

Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте Элдик курултай өтүп жатат. Анда өлкө башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бийликти мактабоого чакырды. "Азыр 150 делегат...

Садыр Жапаров: «Эч бир шарт, турмуш же шылтоо зомбулукту актабайт»

Садыр Жапаров: «Эч бир шарт, турмуш же шылтоо зомбулукту актабайт»

Автор Эдита Ильясова
12:08 25.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айтты. “Аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат. Тилекке каршы акыркы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте киши колдуу болгон аялдын уулу окуя болгон күндү айтып берди

Бишкекте киши колдуу болгон аялдын уулу окуя болгон күндү айтып берди

15:45 25.12.2025
Бишкекте киши колдуу болгон аялдын балдарына психологиялык жардам көрсөтүлөт

Бишкекте киши колдуу болгон аялдын балдарына психологиялык жардам көрсөтүлөт

11:49 25.12.2025
Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды

Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды

11:23 25.12.2025
Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

19:01 25.12.2025
26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:57 25.12.2025
Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

17:16 25.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү