Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас болуп автоунаа айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратпай айып пулдун суммасын көбөйтүү сунушун берди. Мыйзам долбоору парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Депутат мас болуп рулга отургандарга 100 миң сом, юридикалык жактарга болсо 200 миң сом айып салуу демилгесин көтөрдү.
2023-жылдын 8-мартынан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Ага ылайык, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.