Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Чүйдө катталган окуучулардын уулануусунан кийин мектептин айланасындагы дүкөндөрдө эмне сатылып жатканын караш керектигин айтты.
«Буга көңүл буруш керек. Кечээ массалык уулануу болду. Окуучуга ата-энелер күнүнө акча берет экен. Эмне жеп жатканын эч ким билбейт»,- деди депутат.
- 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 11 окуучусу түшкөн. Аларга тамакка уулануу диагнозу коюлган. Биринчи жардам көрсөтүшүп, үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө ошол эле күнү болжол менен саат 11:00дө 7-класстын окуучусу таштанды полигонунда болуп, таштанды челектен баштыкка салынган момпосуй жана желим бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алган. Таап алганын мектепке алып барып, окуучулар менен бөлүшүп жешкен. Кесепетинен окуучулар ууланышкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.