Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Депутат Мирлан Самыйкожо трибунада манас айтты

14:36 20.11.2024
0
Депутат Мирлан Самыйкожо трибунада манас айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер — депутаттар Мирлан Самыйкожо, Камила Талиева, Аманкан Кенжебаев, Аида Исатбек кызы.

Бул багытта мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Самыйкожо маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору “Манас” эпосунун үчилтигин жана анын бардык бөлүктөрүн алып жүрүүчү, сейрек кездешүүчү искусствонун улантуучусу катары манасчы статусун бекемдөө, манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу жана мамлекет тараптан колдоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда “Манас” эпосунун үчилтигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо ошондой эле “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан окутуп-үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалулуктары менен тааныштыруу үчүн шарттарды түзүү каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамында колдонулган “манасчы”, “манасчынын аткаруучулук өнөрү”, “эпикалык мурас”, “интеллектуалдык мурас”, “Манас” эпосун даңазалоо” терминдери киргизилет жана толукталат. Депутаттардын суроолоруна тиешелүү министрликтердик, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана манасчылар жооп беришти.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Русланбек Жакышов мыйзам долбоорун иштеп чыгууда илимий чөйрөнүн кызматкерлеринин, манасчылардын пикирлеринин эске алынуусуна көңүл бурду. Депутат Балбак Түлөбаев Манасты иретке келтирүү, манасчылыкты даңазалоо максатындагы мыйзам долбоорун колдоого алды. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Манас үчилтигиндеги башка каармандардын ысымын спирттик ичимдиктерге колдонууга каршылыгын билдирип, өкмөттү идеологиялык багыттарга көңүл бурууга чакырды. Депутат Гүлшаркан Култаева мыйзам долбоорунда каралган Манас эпосун ар тараптан үйрөтүү жагдайына кызыкты. Депутат Марат Мураталиев мамлекеттик сыйлыктардын катарына “Кыргыз Эл манасчысы” өзүнчө наамын киргизүү сунушун айтып, Талас облусундагы Манас ордо комплексинин жетекчисин дайындоо маселесин көтөрдү. Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорун колдоого алып, бул багытта көпчүлүктүн катышуусу менен парламенттик угуу өткөрүү сунушун берди.

Ошондой эле жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Бул багытта депутаттарга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гулбара Абдыкалыкова маалымат берди. Мыйзам долбоорунун максаты материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди өркүндөтүү болуп саналат. Гулбара Абдыкалыкова Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбооруна көпчүлүк жактан окшош болгондуктан, экинчи окууда кароодо бириктирүүгө даярдыгын билдирди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 18.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

12:33 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү