Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров мектептеги окуучу кыздын жана абактагы 2 жарандын өлүмү боюнча кеп козгоду.
«Мектепте окуучу кыз, түрмөдө 2 жаран каза болуптур. Бирөөсү 62, экинчиси 35 жашта дешти. Ошол тармактын жетекчилери бар. Алар жоопкерчилик тартыш керек. Адам өмүрү оюнчук эмес. Билим берүү министрлиги психолог жок деген. Эмнеге каржы бөлүнүп, киргизилбейт? Ишин аткарбагандар жоопко тартылышы керек»,— деди депутат.