Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кубанычбек Самаков эл аралык финансылык уюмдардан пайызсыз алган насыяны өзүбүздүн ишкерлерге 10 пайыздан берген туура эмес экенин айтты.
«120 миллион кредит алып жатабыз да туурабы? Ошонун 60 миллиону мамлекеттик банктарга берилип жатыптыр. Биз азыр эл аралык финансылык уюмдардан 0 пайыз менен алып жатабыз, мамлекеттик банк элге 10 пайыз менен берген туура эмес»,- деди депутат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram