Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго эттин баасы көзөмөлдөнбөсө 1000 сомго чыгарын эскертти.
Депутат министрдин орун басарына «Кыргызстанда жылына канча тонна эт экспорттолот жана импорттолот? Эттин баасын көзөмөлдөө үчүн эмне аракеттерди жасап жатасыңар?» деп суроо салды.
Самат Насирдинов базарларда социалдык аянттар уюштурулганын айтты. «Базарды уюштуруп берип коюш эттин баасын арзандатууга эч кандай таасир этпейт. Экспортко чыгып кетип жаткан бодо малдарга чектөө коюлмайын базар баасы түшпөйт. Жок дегенде мезгилге жараша чектөөлөрдү койсоңор», — деди Самаков.