Кечээ, 24-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевден Улуттук онкологияда дарыгерлерди эмне себептен УКМК тарабынан кармалганын сурады.
Министр Чечейбаев кабарды интернеттен окуганын, андан ашыкча маалыматы жок экендигин айтты. Кубанычбек Самаков: «Сиз Саламаттыкты сактоо министрисиз да? Анан өзүңүздүн негизги борборуңуздун ичинде эмне болуп жатканын интернет булактарынан билесизби? Мындан ары башка борборлордо да ушундай иштер жүрбөйбү? Башка жакта дарыгерлердин ишмердүүлүгү кандай болуп жатат? Сиз интернеттен окудум деп жатасыз?» — деди.
Министр демөөрчү уюмдар онкологияда колдонулуучу кымбат дарыларды Кыргызстанга алып келип, ооруп жаткан жаткан балдарга бекер беришерин айтты. «Ошондой гуманитардык жардам катары келген дарылар онкология борборунун ичине киргенден баштап, каякка жумшалганы белгисиз болчу. Эч кимге маалымат беришчү эмес. Азыр биз ошол системаны элге, балдардын ата-энелерине жеткиликтүү болушу керек деп эсептейбиз», — деп кошумчалады Чечейбаев.
Эл өкүлү аталган борборго кандай дарылар келип жатканына, алардын бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жокпу деп кызыкты. Министрдин айтымында, министрлик өзү сатып берген дарылардын бөлүштүрүлүшүн гана көзөмөлдөй алат, демөөрчүлөр берген дарыларга көзөмөл жок болгон.
«Ушундай иштер болбосун үчүн алдын ала иш-чаралар жүргөн эмеспи? Кыргызстанда эң оор оорулар онкология борборунда дарыланышат. Дарыгерлер бекер келген дары-дармекти уурдап, сатып жатышса… Анда башка облустук, райондук ооруканаларды такыр эле сөз кылбай эле коюш керек го. Менин айтайын дегеним, өзүңүздүн алдыңыздагы борборлорду алдын алып, туура эмес иштерге бөгөт коюңуз. Сиз жаңы министр болуп келгенсиз», — деди Самаков.