Кечээ, 3-марттагы тармактык жыйында депутат Советбек Рустамбек уулу учурда көпчүлүк ата-энелердин көйгөйү болгон логопед, дефектолог маселесин көтөрдү.
«Бүгүнкү күндө көпчүлүк балдардын тилинде дефект болуп, ата-энелер логопед издеп жүрүшкөнү айкын эле байкалып жатат. Ошондуктан бала бакчаларга атайын логопеддер үчүн орун, алардын айлык-акысын карап берүү сунушун айттым. Айыл жергесиндеги ата-энелер атайын дефектолог, логопед издеп шаарга келип, батир алып баласын дарылатып жүрүшөт. Ал үчүн атайын логопеддерди даярдоо курстарын ачуу керек», — деди ал.