Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов Чоң-Алайда көйгөй болуп жатканын айтты. Анын айтымында, Дароот-Коргон айылында жол кеңейтилип жатканына байланыштуу кызыл сызыктан өтүп кеткен 300дөн ашык үй бар.
«Жакында эле барып келдим. Биздин Дароот-Коргон айылында Тажикстанга барчу эл аралык жол өткөн. Ал жерде жол кеңейтүү болуп жатат. 300дөн ашык үй кызыл сызыктан өтүп кеткен экен. Алардын айтымында, булар 1960-жылдан баштап документ алышкан. Эми азыр «снос» деп жатыптыр. Айрымдарынын тосмолору, айрымдарынын үйлөрү туш келет экен. Финансы жагынан маселе бар. Ошол үчүн «биз каршы эмеспиз», бирок кенемте төлөп берсе жакшы болот эле» дешти»,- деди депутат.