«8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды». Бул тууралуу депутат
Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Мен да чакырылып, катыштым. Акцияда декабрь айында мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын сиңдиси да сүйлөп, кыйын абалга туш болгон адамдарды колдоо канчалык маанилүү экенин дагы бир ирет көрсөттү.
Кийинчерээк УТРКдагы «Аянт» ток-шоусунун эфиринде жасалма интеллект аркылуу даярдалган, акцияга эч тиешеси жок жалган плакаттар көрсөтүлдү. Мынчалык элдин башын айлантып, жалган маалымат таратып, коомду бөлүүгө эмне үчүн жол берилгенин түшүнө алган жокмун. Соц тармактарда саясий комментарий же пост жазгандар жоопко тартылган заманда, мындай көрүнүштөр «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесинин алкагында каралышы керек эле деп эсептейм. Эки күн мурда ал эфир өчүрүлүптүр.
Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот. Бирок кандай болбосун, менин принциптерим өзгөрбөйт. Эртең мага жардам сурап кайрылышса, мен кайрадан силердин эже-сиңдилериңерге, апаларыңарга, кыйын абалга туш болгон адамдарга колдоо көрсөтөм. Ал эми убакыт баарына тараза, достор», — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 8-мартка карата марш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранган.