Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 8-мартка карата марш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранды.
«Биз алардан коркпойбуз да, туурабы? Муну туура кабыл алып, уруксат берели. Колоннанын башында жана аягында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынан унаа уюштурса болот. Кайрылгандар марш башка идеологияны жайылтууга чакырбай турганын айтышты. Алардан бул мамлекеттик кызматкерлердин провокациясы болгонун билдим», — деди Сурабалдиева.












