Кечээ, 4-апрелде Жогорку Кеңеште «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу Улуттук диалог болуп өттү. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева сөз алып сүйлөдү.
«Биз гендердик теңчилик жөнүндө гана айтпастан — чыныгы чечимдерди талап кылган курч жана системалуу маселелерди көтөрүп жатабыз. Аялдардын билим алуусу жана өнүгүүсү — бул жөн гана укук эмес, бул өлкөнүн келечегине болгон чоң инвестициябыз. Тилекке каршы бүгүнкү күндө бизде бир дагы аял аким, мэр, губернатор же президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлебейт. Аялдарга чечим кабыл алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү — бул формалдуулук эмес. Бул адилеттүүлүк. Бул өнүгүү. Бул прогрессивдүү келечекке болгон биздин инвестиция», — деди ал.