Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө Билим берүү министрлиги даяр эмес экенин билдирди. Анын айтымында, министрлик эл аралык уюмга ишенген.
«Мен ошондо эле айткам. «Элдин баары каршы болуп жатат. Андан көрө 10 жылдыкка өтөлү. Англия деле СССРдин системасына кайтып жатат» дегем. 12 жылдык эмес ,10 жылдык билим берүүгө өтөлү. Билимдин сапатын күчөтөлү. Эми көрөбүз. Булардын максаты грант алуу болчу. Билим берүүнүн сапаты оюнчук эмес», — деди депутат.