Депутат Камила Талиева бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият жана маалымат министрлиги менен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ортосунда «климат» жакшы эмес болуп жатканын айтты.
«Мага Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эмгек жамааты кайрылып жатат. Аларга Маданият жана маалымат министри барып, «2025-жылдын 1-январынан тартып ар бир кызматкер менен министрлик 1 жылдык келешим түзөбүз» деп айтып кетиптир. Ал жерде чыгармачыл инсандар иштейт. Аларга бир жылдык контракт түзүп иштетүү деген эмне деген нонсенс», — деди ал.
Бул боюнча Маданият министрлиги маалымат бере элек.