Депутат Түркияда эркиндиги чектелип жаткан кыргыз келинге жардам берүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Түркияда мурдагы жолдошу тарабынан сабалган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tyrkiyada-murdagy-joldoshu-tarabynan-sabalgan-kyrgyz-kelini-boyuncha-tim-yn-katty/">сабалган кыргыз келин тууралуу үн катты.
"Түркияда кыргыз келин ошол мамлекеттин жаранына турмушка чыгып, азыркы учурда бир топ укуктары, эркиндиктери чектелип, мыйзамсыздыкка дуушар болуп жаткан чагы экен. Биздин жарандар чет өлкөлөрдө укук-эркиндиги бузула турган болсо, мамлекеттик органдар жапа тырмак жардам бериши керек. ТИМ эжебизге жардам бериши керек", - деди ал.