Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Үсөн Сыдыковго Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарууну сунуштады. Сунушту мамлекеттик жана коомдук ишмердин жердештери жасаганын айтып, наам берүүгө мезгил жеткенин белгиледи.
Үсөн Сыдыков — 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, президенттин администрациясын да жетектеген.











