Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Ноокен районуна жасаган иш сапарынын алкагында Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кудук-Сай айылында курулушу башталган балдар бакчасынын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
50 орундуу балдар бакчасы айылда алгачкы ирет курулуп жатат. Депутат Замирбек Мамасадыков соңку учурда мамлекет тарабынан келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
«Элдин муктаждыгы акырындап чечилип, мындай курулуштар көпчүлүк айылдарда жүрүүдө. Бала бакчадан келечекте эл керегине жараган уул-кыздар тарбияланып чоңойсун», —деди депутат.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, чогулгандар айылда таза суу системасын жаңылоо, сугат сууну дыйкандарга жеткиликтүү деңгээлде берүү, жаңы конуштарга электр мамычаларын орнотуу сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Мындан тышкары, эл өкүлү райондун Буркан айылында курулушу башталган Акамбаев атындагы мектепке барды. Билим уясынын эски имараты ашар жолунда салынып, башталгыч класстарда 100дөй окуучу билим алат. Айылдын калган балдары башка мектепке каттап окууга аргасыз. 100 орундуу мектеп имаратынын башталышы бүл көйгөйдү чечет.
Замирбек Мамасадыков жашоочуларды жаңы мектептин курулушунун башталышы менен куттуктап, алдыдагы күндөрү ушул эле айылда жаңы балдар бакчасын салуу жумуштары башталарын билдирди.
Тургундар айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн депутатка ыраазычылык билдирип, дагы башка суроо-талабын айтышты. Муну менен катар Замирбек Мамасадыков кыдыруу учурунда Бүргөндү-Ношкен унаа жолун реконструкциялоо жумуштарын жеринен көрдү. Мында быйыл 5,2 чакырым жол асфальтталат. Депутат жол курууда сапат жагына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.