Депутаттар Кыргызстанда ТикТоктун ишмердүүлүгүн жандандырууну сунушташты. Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев аталган тиркемени VPN аркылуу калктын көбү колдонуп жатканын айтып чыкты.
“Чектөөдөн пайда жок экен. Азыр ТикТоктун Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур. Ал Кыргызстанга келип бул жактан өкүлчүлүк ачып берейин, укук коргоо органдары менен чогуу иштейли, алардан маалымат түшсө, заматта баракчаларды жаап турам деп айтыптыр. Биз болсо сервисти жаптык дегенибиз менен азыр баары, өзгөчө окуучулар активдүү колдонуп жатышат. Ошондуктан тиешелүү министрлик сервистин жетекчилиги менен таанышып, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачсак”, — деди Маматалиев.
Аны депутат Дастан Бекешев да колдоп, ТикТок аркылуу Кыргызстанды жарнамалап, туризмди өнүктүрсө болорун кошумчалады. “Өкмөткө бул тууралуу дагы ойлонуп, бөгөттү алып салууну сунушутайм”, — деди Бекешев.
ТикТок Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын апрель айында тыюу салынган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМКнын катынын негизинде тиркеме жабылганын билдирген.