Бүгүн, 16-декабрда Эл аралык иштер боюнча комитетте депутаттар «Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө” токтомдун аткарылышы тууралуу маалыматты укту.
Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманбек уулу жана Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жооп беришти.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Ырысбек Атажанов эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Ал белгилегендей, балдарды билим берүү мекемелерине тартууда кыйынчылыктар бар. Депутат Чингиз Айдарбеков мекендештердин, эмгек мигранттарынын балдарын мектепке даярдоо максатында Орусияда атайын бала бакчаларды уюштурууга басым жасады.
Эл өкүлү Лейла Лурова убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда жарандарды социалдык жактан камсыз кылуу маселесине токтолуп, чет өлкөлөрдө социалдык жана маданий адаптациялоону жеңилдетүү үчүн Кыргызстанда иммиграцияга чейинки даярдоо борборлорун ачуу маселесин көтөрдү. Депутат Алтынбек Кылычбаев чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төлөмдөрдү алуу тартибин тактады (жүк-200).
Комитеттин төрагасы Улан Примов чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекендештер боюнча маалымат сурады. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө Орусияда соттолгондордун саны 1370 адамды түзөт, быйыл сот органдарынын чечимдеринин негизинде 103 соттолгон адам которулуп, 70 адам этап алдында турат.