Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Москвада өтүп жаткан XI Эл аралык парламенттик оюндардын алкагында теннис боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Мындан тышкары жолдоштук футбол мелдеши уюштурулуп, Орусия парламентинин командасы менен дүйнө парламентарийлеринин командасы беттешти. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев теннис боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары бильярд, стол тенниси сыяктуу номинациялар боюнча 3-орунду камсыздашты.
Оюндардын жыйынтыгында жалпы командалар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары 3-орунду ээлешти. Алсак, команданын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Дастан Бекешев, Жаныбек Кыдыкбаев, Замирбек Мамасадыков, Кундузбек Сулайманов, Бакыт Тентишев, Мейкинбек Абдалиев, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Дастанбек Жумабеков, Азамат Исраилов, Эрулан Кокулов, Нурлан Ражабалиев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Миргүл Темирбаева кирди.












