Министр Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча аймактарда жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын М.Тынаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жыйын өткөргөн.
“Ага райондун мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары жана мугалимдер катышты. Жыйындын катышуучулары жалпы билим берүү системасындагы реформалар, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылып, пикир алышышты”, — деп жазылат билдирүүдө.