Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылы китеп чыгарууга 2 миллиард сом жумшаларын айтты.
Билим берүү жана илим министринин айтымында 2024-жылы өлкө аймагында жаңы 140 мектеп, 78 бала бакча бакча салынган. Ушул жылы 350 миллион сом китеп чыгарууга жумшалган.
«2025-жылы — китеп чыгарууга 2 миллиард сом бөлүнгөнү жатат. Андан сырткары, мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүү пландаштырылууда», — деди Кендирбаева.
Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу токтотулганын айткан министр: «Быйыл биринчи жолу өлкө тарыхында электрондук аттестат бериле баштады, электрондук күндөлүктү киргиздик. Санариптештирүү иш-аракеттеринин алкагында «Тунгуч» онлайн мектеп ачылды. Андан тышкары, алдыда дуалдык билим берүү, онлайн кесип тандоо киргизилет», — деп кошумчалады.











