Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Жолугушуу Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында болду. Анда түрк билим берүү мекемелерин бекемдөө жана өнүктүрүү, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу зарылдыгын макулдашты.










