«Дордой» базарына жаңы ыңгайлуу автобустарды киргизүү каралууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Буга чейин аталган базага Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол инфратүзүмүн баалоо жана коомдук транспортту ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында “БЖАИ” МИнин директору Бакыт Темикеев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен комиссиялык чыгуу уюштурду. Комиссия коомдук транспорттун ийгиликтүү иштеши үчүн жол инфратүзүмүн оптималдаштыруу максатында базардын аймагына деталдуу талдоо жүргүздү.
Жыйынтыгында ички жолдорду кеңейтүү, ошондой эле жол жээгинде кыймылды олуттуу чектеген жана транспорт каражаттарынын кыймылын кыйындаткан унаа токтотуучу жайларды алып салуу, милдеттүү жол белгилерин орнотуу жана бардык уруксатсыз азык-түлүк сатылган соода түйүндөрүн жоюу сыяктуу маанилүү милдеттер белгиленди. Транспорт департаменти шаардыктарга коомдук транспорт жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштерди улантууда.
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...