Социалдык тармактарда кичинекей фуд-блогердин видеосу жарыяланып, көпчүлүккө жаккан. Видеодон бөбөктүн мастава жасаганын көрүүгө болот.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги фуд-блогердин апасы менен байланышып, кызы тууралуу маалымат алдык. Алар Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Бүргөндү айылында жашашат.
«Менин атым Жумагүл Каныбек кызы. Өзүмдүн айылыма турмушка чыккам. Учурда 1 уул, 1 кызым бар. Кесибим боюнча медайыммын. Бирок азыр үйдө болгондуктан блогерликти хобби кылып жатам. Балким ошол үчүн да кызым тамак жасоого кызыгып жатат.
Кызым Сания Кушназарова. 3 жашта. «Апа, мен да кыйлайынчы» деп тамак жасашат. Видеого мен ойлогондон да жакшы тартылат. Кызым кичинекей болгондуктан бычактан этияттап, өзүм даярдап берем. Азыр кыштоодобуз. Ал жакта жарык жок, телефон да тартпайт. Интернет тарткан жерге барып, видеолорду жүктөйм, телефонду болсо унаадан кубаттайм. Алдыда дагы жакшы видеолорду тартам деп пландап жатам», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram