Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Горький, Моминов, Супаналиев көчөлөрүн кеңейтүү, капиталдык оңдоп түзөө иштеринин алкагында, курулушка тоскоолдук жараткан турак жайлары толук бузулган төрт үй-бүлөгө Краснофлотск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн батирлердин ачкычтарын тапшырган.
«Эжеге баары белек катары берилди. Бир нерсе жетишпей жатат. Эжеме тиш жетишпейт экен. Эжемди алып барасыңар, тиш салдырып берем»,- деди ал.









