Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештинин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Анда Бишкекте үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча, иши сотто каралып жаткан окуя тууралуу маалымат угушту. Эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын жакындары жыйында сөз сүйлөп, кылмышка шектүүгө карата катаал жазанын колдонулушун, соттук кароого коомчулуктун көңүл буруусун өтүнүштү.
18-октябрда эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон аялдын 82 жаштагы апасы Үрү Дюшебаева депутат айымдардын форумуна адилеттик издеп кайрылып, жыйында арыз-муңун айткан болчу. Эртеси, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат «Эненин айтканын угуп отурсак, жүрөк тилинет. «3 баламдан ажыраганым аз келгенсип, тергөөдө шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатыптыр» деген.






