«Акыркы жумада мугалимдерден жана мектеп жетекчилеринен кайрылуулар түштү». Бул тууралуу Жогору Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.
«Алар «электрондук мектеп» деген система боюнча көп маселе жаралып жатканын айтышты. Мен карадым. 3 маселе бар экен. Класстык журналды электрондук системага толтуруу менен кайталаган иш болуп жатат. Мугалимдерди ашыкча жумушка түртүп жатабыз. Алар 2 жумуш кылышууда. Электрондук системаны да толтуруп, журналды да толтуруп жатышат. Улуу муундагы мугалимдерге оор болууда. Уюлдук телефондору да ага жол бербей жатат. Бул система иштебей калганда, бардыгы өчүп калып, аны кайра толтуруу керек болот экен. Биз мугалимдерди кыйнап, өзүн өнүктүрүүгө деген убактысын алып жатабыз», — деди ал.