Нарындагы көпүрө ураган кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп, каза болгон айдоочу Азамат Асанбеков жакындарынын жүрөгүндө мээримдүү уул, камкор ата катары калды. Маркумдун энеси уулун көз жаш менен эскерди: «Уулум көпүрөдөн өткөнү мектеп бүтүп калсын деп, балдар үчүн макул болуптур. Көпүрө ураганда балам «жардам, аркан» деп кыйкырган экен». Маркумдун артында үч баласы жана энеси калды.
«Дайыма атамдын жанында жүрчүмүн. Бирок ошол күнү баргым келбей, атамды ээрчибей койгом. Унаасы бузулганда жанында туруп, ачкычтарын берип турчумун. Кайра-кайра ээрчиткенинен баргым келбей, калып калгам. Досум чалып «көпүрө ураптыр, сенин атаң окшойт» деди. Ошондо эле каза болгонун жүрөгүм сезген. Жеңемдер келип «атаң ооруканада» дешти. Эртеси издей башташты», — деди уулу.









