Кечээ, 31-мартта соцтармакта экс-депутат Чыңгыз Айдарбеков ИИМде сурак бергенин айрым басылмалар өз булактарына таянып жазышты. Бул боюнча экс-депутат да, ИИМ да маалымат бере элек.
Буга чейин Чыңгыз Айдарбеков «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү» деп видео кайрылуу жасаган. Ал эми БШК анын билдирүүсүнө карата ИИМден тийиштүү маалымкат келбей жатканына жүйө кылган.






