«Бүгүн камакка алынган, ага чейин да камакка алынган жарандык активисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылам». Бул тууралуу экс-министр Тилек Токтогазиев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«30 жылда түптөлгөн Кыргызстандын жарандык коомуна жана 30 жыл тарыхы бар «Ата Мекен» саясий партиясына эч бир президенттин тиши өткөн эмес. Тескерисинче, сындырабыз деп өздөрүнүн тиштерин сындырып алышкан. Биз мыйзамдуу жолдор менен гана Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн жана жарандардын эркиндиги үчүн күрөшөбүз.
Саясий куугунтуктарды ыкчам түрүндө токтоткула. Күч менен эч качан бир да маселени чечип албайсыздар. Эртеби кечпи сиздердин күчүңүздөрдөн да ири күч пайда болот. Ошондо да сиздердин сөз эркиндиги үчүн биз күрөшүп беребиз. Күч менен эмес, акылмандык менен, сүйлөшүүлөр менен активисттерди жана саясатчыларды ынандыра аласыздар! Бүгүн камакка алынган, ага чейин да камакка алынган жарандык активисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылам», — деп жазылат билдирүүдө.