23-февралда Кыргыз Республикасынын эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жашында дүйнөдөн кайтты.
Нурпаис Жаркынбаев 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктары менен “Ленинчил жаш” гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп көп жыл эмгектенген.
1973-1975-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктаган. 1975-1986-жылдары “Кыргызстан коммунисти” журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан тартып республикалык “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.
Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылдан тартып Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.
Нурпаис Жаркынбаевдин чыгармалары казак, каракалпак, молдован, украин, өзбек, уйгур жана башка тилдерге которулган. Ал О.Сулейменовдун, Е.Евтушенконун, Э.Межелайтистин, А.Феттин, Ф.Тютчевдин, В.Маяковскийдин, А.Пушкиндин ырларын кыргыз тилине которгон.