Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызыл-Туу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлгөн. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна тапшырган.
Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тoo» жана башка гезит беттеринде жарыяланган.
Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген аталышта жарык көргөн. Ал кыргыз тилине Пушкин, Маяковский, Некрасов, Вознесенский, Алимжан жана башкалардын чыгармаларын которгон. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы – “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамын алган.