«Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдайм». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Президентибиздин жана Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы менен биз ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз», — деп жазды ал.











