АКШ визаларын текшерүү виза берилгенден кийин да токтобойт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
«Виза ээлеринин АКШнын бардык мыйзамдарын жана иммиграция эрежелерин так аткаруусун тынымсыз текшерип турабыз. Эгер тартип бузгандар болсо, алардын визаларын жокко чыгарып, депортация кылмакчыбыз»,- деп айтылат маалыматта.