Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун талкуусунда депутат Эльдар Сулайманов бир шайлоочу 3 добуш берсин деген сунушун билдирди.
«Мына БШКнын өкүлү айтып жатат, 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн 34 пайыз эл катышкан экен. Акыркы 2024-жылдагы өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого болсо 28 пайыз келиптир. 6 пайызга азайыптыр. Шайлоодон шайлоого элдин катышуусу азайып баратат. Бир округдан 3 депутат чыкчу болсо, анда эмне үчүн 1 шайлоочу 1 эле адамга добуш берет. Келип жаткан шайлоочунун саны аз болуп жатса, бир эмес 3 талапкерге добуш берсе», — деди Сулайманов.
Депутат БШКнын өкүлүнөн техникалык жабдуулар мындай талапка жооп береби деп сурады. «Биздин система даяр. Бюллеттень чыгаруунун кереги жок, аппарат өзү чыгарып берет», — деди БШКнын өкүлү.