Курултайга Баткенден келген делегат Гапыр Мадаминов сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү айтты.
«Лейлек району Тажикстандын чек арасына абдан жакын турат. Акыбал өтө татаал. Чындыкты бардык жетекчилер көрүп келген. Бирок ошону бир аз курчутуп айткым келет. Биздин балдарга, окуучуларга, элибизге, кыз-келиндерибизге, кош бойлуу энелерибизге ок атылбай таң атат бекен деп, түндө чочуп ойгонбойт бекенбиз деп турабыз. Мен дагы бир маселени айтайын. Ошончолук кам көргөнүнө ыраазычылык кылышыбыз керек, бирок «этого мало» болуп жатат. Чек арада тынч болгондо гана миграция токтойт. Айылдар бош калып калса, эмне болот? Арызданып отурбастан 1-2 сунуш менен келдим.
1-сунушубуз. Ошол жердеги миграцияны токтотуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Баткен менен Лейлек жалдырап жардам күтүп отурган эл эмес. Биздин дарыяларыбыздын, көлдөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер ошол жердеги сууларга суу сактагычтар курулса, 10 миң гектар жер өздөштүрүлүп, миграция токтоп, ошол жерде жашап калат. Чүй баарыбыздын үйүбүз деген адамга ырахмат. Бирок Кыргызстан, Лейлек, Баткен баары бардыгыбыздын үйүбүз болушу керек. Миграциянын дагы бир токтобой жаткан себеби, жумушсуздук. Миграцияда жүргөндөрдүн 60-70 пайызы биздин облустагылар.
Күйүп-бышып коррупция деп айтып жатышат. Эң туура бул ички душманыбыз. Ошону алдын ала турган үй-бүлөдөгү тарбия. Дагы айта кетейин, кыргыз-тажик чек арага жакын жайгашкан 200 окуучусу бар мектептен 80 бала медициналык академиянын бюджет бөлүмүнө өттү. Орточо баллыбыз 173 болуп, Кыргызстан боюнча 1-орунду алды. Бул ошол жердеги мугалимдердин патриоттуулук эмгеги. Тажикстандыктар 3 кабаттуу президенттик лицейден келишет. Биздики 1 кабаттуу мектептен чыгат. Жарышканда биздин балдар жогору болот. Бир сураныч бизге да жакшы бир мектеп куруп берсеңер», — деди Гапыр Мадаминов.