Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Электрондук тамеки тартуу үчүн 40 миң сом. Сурабалдиева айыптын кымбат экенин айтты

18:27 10.06.2024
0
Электрондук тамеки тартуу үчүн 40 миң сом. Сурабалдиева айыптын кымбат экенин айтты

Жогорку Кеңештин комитети электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бүгүн, 10-июнда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев жана Алишер Козуев.

Депутат Алишер Козуев мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу экенин белгиледи. Алсак, электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келүү-1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан жазалардын өлчөмү, аткезчиликке каршы күрөш тууралуу суроолорду көтөрдү. Депутат Алишер Козуев электрондук тамеки организмдин бардык системаларына терс таасирин тийгизип, ар кандай патологиялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп жооп берди. «Өсүп келе жаткан муун тамеки тартуу үчүн ар кандай аппараттарды сатып алууда. Буга байланыштуу биздин башкы милдетибиз — балдарыбызды тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо», — деп кошумчалады Алишер Козуев.

Депутаттар Айсаракан Абдибаева, Эрулан Кокулов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун нормаларын колдошту. Депутат Эльвира Сурабалдиева электрондук тамекилерди республикага алып кирүүгө тыюу салуу керектигин белгилеп, электрондук сигареттерди колдонгондугу үчүн сунушталып жаткан айып жеке жактарга 40 миң сом кымбат экенин кошумчалады.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:57 21.04.2026
0

Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...

Кыргызстан – аймактык транспорттук хаб: Бишкекте эл аралык форум өтөт

Кыргызстан – аймактык транспорттук хаб: Бишкекте эл аралык форум өтөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:27 21.04.2026
0

23-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстан – аймактык хаб: Континенттерди бириктирүүчү" аттуу эл аралык транспорттук форум өтөт. Форумга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө...

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:13 21.04.2026
0

Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты....

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 21.04.2026
0

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге...

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:26 21.04.2026
0

Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде жашы жете элек кызга байланыштуу болгон окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

17:57 21.04.2026
Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

16:48 21.04.2026
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

14:30 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү