Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жыл башынан бери 618 Кыргыз жаранына иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акыны алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Көрүлгөн чаралардын аркасында кыргызстандыктар 42,9 миллион рубль эмгек акы алышты. Ошондой эле 9 жарандын иш учурунда ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн 5 миллион рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүүгө жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жалпысынан 2022-жылдын ноябрь айынан бери өкүлчүлүк 1132 жаранга төлөнбөгөн эмгек акысын жана 84 миллион рублдан ашык келтирилген зыяндын ордун толтурууга жардам берген.