Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызматтык унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бул демилгенин алкагында министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө “Chevrolet Tracker” үлгүсүндөгү жаңы 77 даана унаа алынып келди.
Адылбек Касымалиев президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан социалдык кызматкерлерди бул маанилүү окуя менен куттуктады.