Эми ар бир мектепте өспүрүмдөр менен иштешчү инспекторлорго кабинет ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
«Видеобайкоо системасын кеңейтүү талкууланды. Коопсуздукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам. Учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышылган», — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары айрым мектептерде кырдаалды билдирүү үчүн «Коопсуз баскычтары» орнотулган, келечекте алардын жалпы орнотулушу да талкууланды. Эки министрликтин жетекчилиги жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.